Редакцияот 12.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин

VIII  чакырылышынын  VIII сессиясы

2021-жылдын 12-ноябры № 8

Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Адыр айылына Таманташ чыгаруучу ишкана ачуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фондторун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун негизин карап Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын Кара-Буура айылдык кеңешинин  сессиясында карап чыгып, максаттуу жумшоо багытында Кара-Буура айылдык кеңеши

Токтом  кылат:

1. “Талас облусунун өнүктүрүү фондусу” аркылуу Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу коммуналдык чарбасынын базасында таманташ чыгаруучу ишкана ачууга 1 750 000  (бир миллион жети жүз элүү миң ) сомго долбоор тапшырууга уруксат берилсин .

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М.Джумагулов