Редакцияот 12.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин

VIII  чакырылышынын  VIII сессиясы

2021-жылдын 12-ноябры № 9

Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Адыр айылына Таш майдалоочу ишкана ачуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фондторун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун негизин карап Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын Кара-Буура айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында карап чыгып максаттуу жумшоо багытында Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  “Талас облусунун өнүктүрүү фондусу” аркылуу Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу Таш майдалоочу ишкана ачууга 12 500 000 (он эки миллион беш жүз миң ) сомго долбоор тапшырууга уруксат берилсин.

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин  “Муниципалдык    менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М.Джумагулов