Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 24-июлу № 1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары, тартиби тууралуу жана жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукцион жолу менен сатуу, конкурс, жерди ижарага берүү боюнча комиссия курамдарын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби” жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары” жөнүндөгү токтомдоруна таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
токтом кылат:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын жана тартибин жөнгө салуу боюнча комиссия курамына төмөнкү туруктуу комиссия мүчөлөрү сунуш кылынсын:
Комиссиянын төрагалыгына:
Коңурбаев Аширали | - Кызыл-Тейит айылынын депутаты |
Комиссия мүчөлүгүнө:
Зияев Мамасидик Абдуллаева Ширинхон | - Жандама айылынын депутаты - Катта-Тал айылынын депутаты |
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер аянттарын менчик укуктарын түз жана аукцион жолу менен сатуу, конкурс, жерди ижарага берүү боюнча айыл өкмөтүнүн комиссия курамына төмөнкү туруктуу комиссия мүчөлөрү сунуш кылынсын:
Жураев Мусажон Хамзалиева Махабатхон Собирова Азизахон | - Жандама айылынын депутаты - Дөң-Кыштак айылынын депутаты - Катта-Тал айылынын депутаты |
Түзүлгөн комиссия курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомдоруна ылайык иш-чараларды алып баруу милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |