ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 24-июлу № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Кыр-Шамалы” дыйкан чарбасынын балансында болгон ФАП имараты (союз мезгилиндеги мурдагы тамеки сарайын сезондук балдар бакчасы болгон) жана ага таандык 990,0 чарчы метр жер тилкесин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылына жаңы ФАП имаратын куруу максатында 990,0 чарчы метр жер тилкесине ээ болгон азыркы эски ФАП имараты (союз мезгилиндеги мурдагы тамеки сарайын сезондук балдар бакчасы болгон) Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Кыр-Шамалы” дыйкан чарбасынын балансында тургандыгын жана аталган жерди Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы”, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси” жөнүндөгү мыйзамдарына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
токтом кылат:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Кыр-Шамалы” дыйкан чарбасынын балансында болгон ФАП имараты (союз мезгилиндеги мурдагы тамеки сарайын сезондук балдар бакчасы болгон) жана ага таандык 990,0 чарчы метр жер тилкесин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Кыр-Шамалы” дыйкан чарбасынын балансында болгон ФАП имараты (союз мезгилиндеги мурдагы тамеки сарайын сезондук балдар бакчасы болгон) жана ага таандык 990,0 чарчы метр жер тилкесин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү боюнча иш-кагаздарын даярдоо Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |