Редакцияот 24.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 24-июлу № 5

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы № 9-көчөсүнө наам ыйгаруу жөнүндө.

Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы 09-көчөсүнүн аталышы боюнча айыл тургундарынын 2021-жылдын 02-июлундагы чогулушунун протоколун карап чыгып, талкуулап көчөлөргө наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрациясы” жөнүндөгү  мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

токтом кылат:

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы № 9-көчөсүнүн аталышына  эл арасында кадыр-баркка ээ болгон Рахмонов Одилжон Эгамбердиевичтин наамы ыйгарылсын.

2. Аталган көчөнү каттоодон өткөрүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,  жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

К. Сатторов