ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 24-июлу № 8
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолуна орнотулган ыламдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздиктердин санын азайтуу жөнүндө.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолуна кырсыктарды алдын алуу максатында коюлган унаалардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздиктердин санын азайтуу боюнча 2021-жылдын 15-июнундагы Жаңы-Ноокат айылындагы такси айдоочулары тарабынан келген арызды жана тез жардам бөлүмүнүн кызматкерлерине бейтаптарды Ноокат аймактык ооруканасына алып барууда бул жасалма тегизсиздиктер ыңгайсыз абал жаратып жаткандыгын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
токтом кылат:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнун жолундагы Шакар-Кыштак мечитинин астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик калтырылсын.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолундагы Токтогул мектеп интернатынын астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик калтырылсын.
3. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолундагы 134-үйдүн астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик алып салынсын.
4. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолундагы 103-үйдүн астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик калтырылсын.
5. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүнүн жолундагы 55-үйдүн астына коюлган ылдамдыкты төмөндөтүүчү жасалма тегизсиздик алып салынсын.
6. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |