Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/33 токтому

 

2021-жылдын 17-ноябры

Жарандардын жер документтерин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Айыл тургундары:

-        Суеркулов Чолпонбай;

-        Камчыбеков Нургазы;

-        Эсенгазы уулу Бакыт;

-        Итибаев Абдумамат аттуу жарандардын жер участкалары мыйзамдаштырылып берилсин.

2.   Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

4.   Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.

5.   Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы:

-        ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн

 

Төрага

М.О.Сооронбаев