Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/40 токтому

 

2021-жылдын 17-ноябры

Ак-Суу – Майлуу-Сай автожолу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Ак-Суу айыл аймагындагы Майлуу-Сай – Ак-Суу автожолун тейлөөнү жана камсыздоону айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жана Ак-Суу айылына Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкана түптөө жагы каралсын.

2.   Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3.   Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;

4.   Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.

5.   Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы:

-        ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

6.   Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.

 

Төрага

М.О.Сооронбаев