Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү алтынчы сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 28-декабры № 6/1

Кара –Кулжа райондук прокуратурасынын 29 - ноябрь 2021-жылдагы № 11-2008-21 “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат оорундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышы боюнча сунушун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээленген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларциялоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, ушул Мыйзамдын колдонулушу саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга, ошондой эле саясий жана админстративдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматкерлерине жайылтылышы корсотулгондүгүн маалымдалып, айылдык кенештин депутаттары саясый муниципалдык кызмат оорундарына кириши белгиленип, айылдык кенештин депутаттары Токторбай уулу Келсинбек, Т.Эргешбаев, М.Алмабашев, Ж.Аттокуров, У.Байгожоев, А.Камчыбеков, С.Рустамбеков, А.Кадыров, А.Ташматов, М.Исраилов, А.Таиров, Т.Жаанбаев, М.Шарипов, Н.Муратбеков, Данышман уулу Мухаммед, К.Карыбеков, А.Мамасалиева,Д.Солпуев, С.Суранбаев, Аким уулу Асан, Акматбек уулу Сүймөнкул, Б.Жолдошев, жана А.Авазов, Н.Жоржоев, А.Токтомушев 2019-2020- жылдар үчүн кирешелери жөнүндө декларацияларында кыймылсыз мулкторун толук көрсөтпөгөндүгү аныкталды. Аталган айылдык кенештин депутаттары тарабынан “Мамлкеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин,чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мулкун декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-бер.1-бөл. көрсөтүлгөн, декларцияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган жана декларантка жана жакын туугандарына менчик укугунда таандык кыймылсыз мулк жөнүндө маалыматтар көрсөтүүлөрү талаптар бузулгандыгын белгиленген Кара –Кулжа райондук прокуратурасынын 29 - ноябрь 2021-жылдагы № 11-2008-21 ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-

1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээленген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттемелерин жана мүлкүн декларциялоо жөнундө” Мыйзамынын талаптарын аткарууну камсыздоону айылдык кеңештин депутаттары эске алышсын.

2. Өзүнүн жана жакын туугандарына менчик укугунда таандык кыймылсыз мулк жөнүндө маалыматтарын декларцияда толук көрсөтүү айылдык кеңештин депутаттарына (декларантка) жүктөлсүн.

 

Төрага:

 А.А.Бөрүбаев