КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү алтынчы сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 28-декабры № 6/3
Айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 17 - декабрь 2021-жылдагы № 5 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 15.12.2021-жылдагы № 1-3-426 “ Айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмүн бекитүүнү карагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кыргыз Республикасынын “Салык жөнүндөгү” кодексинин 337-б еренесинин 6 бөлүмүнө ылайык айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасы, инфляциялык коэффициентти Ки 1,034 кошпогондо төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин (сом, га)
Сугат айдоо | Кайрак айдоо | Көп жылдык өсүмдүктөр | Чабындылар | Жайыттар |
348 | 125 | 176 | 55 | 11 |
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Аматовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.А.Бөрүбаев |