КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү алтынчы сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 28-декабры № 6/5
Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан А.Токтосартов атындагы райондук китепкананын имаратынын чатырчасын жана сырткы шыбагын ондоп түзөөдөн өткөрүүгө өздүк салымга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан А.Токтосартов атындагы райондук китепкананын имаратынын чатырчасын жана сырткы шыбагын ондоп түзөөдөн өткөрүү багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) грант долбоорун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан А.Токтосартов атындагы райондук китепкананын имаратынын чатырчасын жана сырткы шыбагын ондоп түзөөдөн өткөрүүгө өздүк салымга айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен 920.000 (тогуз жүз жыйырма мин) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан А.Токтосартов атындагы райондук китепкананын имаратынын чатырчасын жана сырткы шыбагын ондоп түзөөдөн өткөрүү багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) грант долбоорун колдоп берүү жагы түрткү берүүчү (үлүштүк) грантына түзүлгөн долбоорду тандап алуу жана бекитүү боюнча райондук комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго милдеттендирилсин.
Төрага: | А.А.Бөрүбаев |