КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 19-февралы № 8-4
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айылындагы “Бөрү Ата” спорттук аянтчасын айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айылындагы “Бөрү Ата” спорттук аянтчасын айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине жана Жер Кодексинин 13-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айылындагы “Бөрү Ата” спорттук
аянтчасын айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айылындагы “Бөрү Ата” спорттук
аянтчасын айыл өкмөтүнүн балансына алууга тийешелүү документтерин даярдоо
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер,жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай уулу Э. |