Редакцияот 19.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) сегизинчи сессиясы

2022-жылдын 19-февралы № 8-6

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы таштанды тазалоочу ишкананын функцияларын аткарууну “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы таштанды тазалоочу ишкананын функцияларын аткарууну “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы таштанды тазалоочу ишкананын функцияларын

аткарууну “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы таштанды тазалоочу ишканага жергиликтүү

бюджеттен техника сатып алууга 1 000 000 (бир млн) сом акча каражаты ажыратылсын.

3. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына Кыргыз-Ата айыл аймагындагы

жергиликтүү элдер жашаган көчөлөрдүн, мекеме-ишканалардын айланасындагы таштандыларды убагында тазалап туруу жагы тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет,

салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Женишбай уулу Э.