Редакцияот 02.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

2021-жылдын 2-сентябры № 2

Кабык айылына “Нур Телеком” ЖЧКсынын антенасын орнотууга макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймагынын 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 445 чыгыш сандуу катынын негизинде Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кабык айылында уюлдук байланыштын жана интернеттин ылдамдыгын жакшыртуу максатында “Нур Телеком” ЖЧКсынын аннтенасын орнотуу үчүн 20 м кв жер аянты убактылуу пайдаланууга келишимдин негизинде макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, инвестиция тартуу, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айылдык аймагынын

кеңешинин төрагасы:

 

А.Баатыркулов