Редакцияот 02.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

2021-жылдын 2-сентябры № 3

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Тескей” участкасынын № 14 контурунда жайгашкан таштуу жайыт эсебинде белгиленген 1,0 га жер аянтын таштандыларды таштоочу жай катары пайдалануу үчүн жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу үчүн (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүн угуп талкуулап, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Тескей” участкасынын № 14 контурунда жайгашкан таштуу жайыт эсебинде белгиленген 1,0 га жер аянтын таштандыларды таштоочу жай катары пайдалануу үчүн жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу үчүн (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, инвестиция тартуу, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айылдык аймагынын

кеңешинин төрагасы:

 

А.Баатыркулов