Редакцияот 02.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

2021-жылдын 2-сентябры № 4

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кабык”, “Кара-Кабак”, Х.Базаров орто мектептерин толук эмес комплектиленген мектептердин категориясына киргизүү жөнүндө.

2021-2022-окуу жылында “Кабык” орто мектебинде 186 окуучу, “Кара-Кабак” орто мектебинде 148, Х.Базаров орто мектебинде 144 окуучу бар. Ар бир мектептеги классстарда бирден гана класс комплектиси пландаштырылган. Балдардын орточо саны ар бир класска 11-13 окуучуну түзөт. Айылдарда балдардын саны аз болгондуктан бул мектептердин класс комплектилери толук эмес болуп, жабылып калуу коркунучунда турат. Жергиликтүү шартты, айылдардын арасындагы аралыктын узактыгын эске алуу менен Кашка-Суу айылдык аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. 2021-2022-окуу жылында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кабык”, “Кара-Кабак”, Х.Базаров атындагы орто мектептерди баланын саны аз комплектиленген мектептеридин категориясына киргизүүнү камсыз кылуу жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдон суралсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык коргоо, маданият, билим берүү, экология, спорт, туризм, жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айылдык аймагынын

кеңешинин төрагасы:

 

А.Баатыркулов