Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 2-сентябры № 5
“Кыргыз - Кытай - магистралдык” газ өткөргүчүн курууда Кашка-Суу айыл аймагынын элине күйүүчү газды пайдаланууну сунуштоо жөнүндө
Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын территориясынан өтүүчү “Кыргыз-Кытай-магистралдык” газ өткөргүчүн курууда Кашка-Суу айыл аймагынын элине күйүүчү газды пайдаланууну “Транс –Кыргыз Газ Пайплайн компани лимитед” жоопкерчилиги чектелген компаниясынан суроо жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын территориясынан өтүүчү “Кыргыз-Кытай-магистралдык” газ өткөргүчүн курууда Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн элинин талабына ылайык Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдарды (Кашка-Суу, Ачык-Суу, Кабык, Кара-Кабак, Жайылма, Бурган-Суу ) күйүүчү газ менен камсыз кылып берүү жагы “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн компани лимитед” жоопкерчилиги чектелген компаниясынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |