Редакцияот 02.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

2021-жылдын 2-сентябры № 8

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу жалпы мектепке чейинки билим берүү мекмелеринде тарбияланып жаткан балдарга ай сайын төлөнүүчү акча каражатын бекитип берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жалпы мектепке чейинки билим берүү мекмелеринин жетекчилеринен келген билдирүүлөрүнө ылайык балдарга ай сайын төлөнүүчү акча каражатын бекитүү жөнүндө сунушту угуп, талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жалпы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан ар бир баладан ай сайын ата-энелерден алынуучу төлөмдүн баасы 2021-жылдын 1-сентябрынан 500 (беш жүз) сомго бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык коргоо, маданият, билим берүү, экология, спорт, туризм, жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айылдык аймагынын

кеңешинин төрагасы:

 

А.Баатыркулов