КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 2-сентябры № 9
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражаттардын депозиттик эсебинде келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылууда (ГОИД) турган акча каражаттарын келишимден баш тарткан ЖЧК Ошкоопкурулуш суммасы 182,0 миң сом жана курулуш ишин толук аткарбаган ЖЧК Некст строй ишканасынан 45,0 миң сом. Жалпы 227,0 миң сомду Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн балдар бакчасынын атайын эсебине чегерилип, 2218 статьясынын планына кошумча план бекитилсин.
2. Бекитилген план Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларынын тамак-аш азыктары үчүн 2218 статьясына жумшалсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |