КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 2
Памирден көчүрүлүп келүүчү этникалык кыргыздар үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 10,0 млн сом акча каражатын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Памирден көчүрүлүп келүүчү этникалык кыргыздар үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 10,0 млн сом акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 5.11.2021-жылдагы № 27/5161, Чоң-Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын 12.11.2021-жылдагы № 04-13/250 чыгыш сандуу катынын негизинде Кашка-Суу айыл аймактык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн эсебине Памирден көчүрүлүп келүүчү этникалык кыргыздар үчүн түшкөн 10,0 млн сом акча каражатын турак-жай курууга чейин турак-жай курууга аныкталган жер аянтынын инфратүзүмүн талапка ылайык келтирүүгө (калктуу конуштун башкы планын даярдоо, долбоорлук сметалык документтерди даярдоого, электр энергиясы менен камсыздоого, жолдорду жасоого) макулдук берилсин.
Башка категорияларга таандык болбогон социалдык жайсыздык маселесинин 2215 статьясынат 4 614 187 сом
- 116 780 сом Гос.акт (Чон-Алай рай. Кадастр)
- 1 251 740 сом АТШ, топографиялык чийме, долбоорлорду макулдашууга (Чон-Алай рай. Архитектура)
- 842 667 сом Башкы планы үчүн (Ош обл. Архитектура)
- 403 500 сом Мектептин ПСД даярдоо (ЖЧК “ЭААС)
- 1 936 568 сом Курулуштардын ПСДсын даярдоо (Линия, КТП, Бала бакча, Мечит, ФАП, Магазин, Турак үй) (ОсОО Варис Сити)
- 62 932 сом Мектептин ПСД мамлекеттик экспертизадан өткөрүү
3111 статьясына
- 5 385 813 сом Курулуштар үчүн
Жалпы 10 000 000 (Он миллион) сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, инвестиция тартуу, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |