КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 2
Жер аянтын калктуу конушка которууга макулдук берүү жөнүндө
Жер аянтын калктуу конушка которууга макулдук берүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши төмөндөгүдөй
Токтом кылат
1. Бурган-Суу айылынын № 589 контурундагы таза жайыт, № 627 контурундагы 8.99 га таштуу жайыт жалпы 60.0 га «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясын жайыт түрүндөгү жер аянтын калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |