Редакцияот 15.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы

2021-жылдын 15-декабры № 3

Жер аянтын калктуу конушка которууга макулдук берүү жөнүндө

Жер аянтын калктуу конушка которууга макулдук берүү жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши төмөндөгүдөй

Токтом кылат

1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы «Газ» участкасынын № 150, 151, 152, 147, 138, 9, 12, 13 контурларындагы жалпы 114,0 га «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын жайыт түрүндөгү жер аянтын калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Кашка- Суу айылдык аймагынын

кеңешинин төрагасы:

 

А.Баатыркулов