КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 10
Ичүүчү сууну пайдалануу үчүн сууга төлөнүүчү тарифтин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун ичүүчү сууга төлөнүүчү тарифти бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда (Кашка-Суу, Ачык-Суу, Кабык, Жайылма, Кара-Кабак, Бурган-Суу) ичүүчү таза суу үчүн ар бир түтүн ай сайын 100 (жүз) сомдон төлөсүн.
2. Ай сайын чогултуу жагы көчө жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин Социалдык коргоо, маданият, билим берүү, экология туризм жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына калтырам.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |