КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2022-жылдын 26-январы № 6
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кабык, Кашка-Суу айылдарына жаңыдан мектеп куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылынын элинин муктаждыгын канааттандыруу максатында Ачык-Суу айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектеби окуучулардын билим алуусу үчүн кооптуу абалда болгондуктан, жаңы мектеп куруу үчүн жер аянты эски мектептин 25059,75 м 2 жер аянтынан чектеп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына калтырам.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |