ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 5-кезектен сырткары сессиясы
2021-жылдын 16-августу № 2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын Яш участкасындагы жаңы курулган көпүрөөгө наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын Яш участкасындагы жаңы курулган көпүрөөгө кадыр-барктуу инсан Салайдинов Сабир наамын ыйгаруу боюнча айыл тургундарынын 2021-жылдын 15-июлундагы чогулушунун протоколун карап чыгып, талкуулап көчөлөргө жана географик жерлерге наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Мончок-Дөбө айылынын Яш участкасындагы жаңы курулган көпүрөөгө эл арасында кадыр-баркка ээ болгон жана айылдын өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон маркум Салайдинов Сабир наамы ыйгарылсын.
2. Наамы ыйгарылган көпүрөөнү каттодон өткөрүү Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |