Редакцияот 22.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 6-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 22-сентябры № 1

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы жергиликтүү бюджетинин жарым жылдык аткарылышы жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы жергиликтүү бюджетинин жарым жылдык аткарылышы жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан 2021-жылдын 18-сентябрындагы протоколун карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 18-сентябрындагы протоколун негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы жергиликтүү бюджетинин жарым жылдык аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов