Редакцияот 22.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 6-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 22-сентябры № 5

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акыларын белгилөө жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерини ижара акыларын белгилөө боюнча айылдык кеңештин 2021-жылдын 24-июлундагы (жетинчи чакырылышын) кезектеги №4-сессиясында кайра кароого калтырылган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-майындагы №240-сандуу сунуш маалыматын үйрөнүп чыгып “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,  экология  жана жаратылышты  коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 10-августундагы протоколун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси” жөнүндөгү  мыйзамдарына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижара акыларын белгилөө боюнча айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушунда көрсөтүлгөн төмөнкү жерлердин бааларына азыркы күндө айрым керектөөчү азык-түлүк жана башка товарлардын наркы кымбатташына, отурумда депутаттардын сунуш калоолорун эсепке алып, жерлерди жайгашуу шартын үйрөнүп чыгып тууралоо жолу менен калган жерлерге инфляциянын көлөмүн ашып кетүүсүнө жана башка объективдүү себептерди эсепке алып  10% үстөмдүк кошулсун:

№

Кайсы жер

Айыл өкмөт сунуштаган нарк  1га жерге сом

(мурдагы ижара акы + 10 %)

1

Бел-Кайрагач айыл өкмөтүнүн чекарасындагы фондун жери:

суу чыгып кетүүчү жер

        

          5 000                   5500

 

Суу чыкпай турган жер

          8 500                   9350

2

Он жети гектардагы фонд жерине

        10 000                 11000

 

3

Алтымыш гектардык фондун жери:

Суу чыгып кетүүчү жер

Суу чыкпай турган жер

         

          6 000                   6600

          8 500                   9350 

4

Жогорку кызыл 45-га фондун жерине

          7 000                   7700

 

 

5

Колоочуу жердеги фондун жери :

Суу чыгып кетуучу жер 4,25 га

Калган 2 га жерине

         

          7 000                   7700

          8 500                   9350                

 

6

МТФнын астындагы фонд жерине

Кара шагалдуу жер

Калган жерине

         

          5 000                   5500

          7 000                   7700

7

Колдолон талаа фонд жерине

          8 500                   9350  

8

Калик-Тал фонд жерине

          9 000                   9900

9

Ортончу кызыл фонд жерине

          8 500                   6000

10

Адыр кайрак фонд жерине

             700                     770

11

Мулица фонд жерине

Калган ынгайлуу жерине

             300                    330

             500                     550

12

Адыр 87 га фонд жерине

           400-500          440-550

13

Адыр 17-23-14-9 фонд жерине

           500-700          550-770

14

Күнгөй, Тескей бөл\м\ндөг\ бак фонд жерине

               3 000              3300

15

Кызыл-Тейит \л\ш жер менен бирге турган фонд жерине

              

               8 500               6000

16

Теплицаны астындагы фонд жерине

               5 000               5000

17

Мурунку Телочный комплекстин астындагы фонд жерине

 

               5 000               5000

18

Теплицанын айланасындагы (условный кайрак) фонд жерине

 

               1 200               1320

19

Кызыл-Тейит участкасындагы бак фонд жерине

               2 000                2200

20

Жандама айылындагы Кыркол бөл\м\ндөг\ кайрак фонд жерине

 

               2 000                2200

21

Сурпаташ бөл\м\ндөгү ыңгайсыз 1га кайрак фонд жерине

Калган фонд жерине

 

                  300               330

                  700               770 

22

Яш бөлүм\ндөг\ кайрак фонд жерине

               3 000             3300

23

Жандама участкасындаги Найман каналынын үстү тарабындагы Мончок-Дөбөгө чейин бак фонд жерине

 

 

               5 000             3000

 

              

 

2. Төмөнкү ыңгайсыз жанбоор кайрак жерлердин ижара акылары айыл өкмөтү берген сунуш боюнча калтырылсын:

Дөң-Кыштак айылындагы Тескей бөлүмүндөгү кайрак фонд жерине

Тескей бөлүмүндөгү биринчи кабат фонд жерине

Экинчи кабат фонд жерине

Үчүнчү кабат фонд жерине

Касым сайдагы фонд жерине

Мончок-Дөбөдөн тартып Бел-Кайрагач чекарасына чейин

                            

                               2000

                               5 000

                               3 000

                               2 000

                               8 000 

                               1500

 

3. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисине ушул ижара акыларын жаңы бааларын көрүп чыгып ар бир ижарачы менен жазуу түрүндө келишимдерге тиркеме жасап жаңы ижара акыларына тууралоо жүргүзүү иштерин алып баруу милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш жана Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,  экология жана жаратылышты  коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов