ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 6-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 22-сентябры № 6
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2001-2002-2003-2004-жылдардагы системалуу каттодон өткөн жер тилкелери жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү 2001-2002-2003-2004-жылдардагы турак-жайларды жер реформасы учурунда системалуу каттоодон өткөрүлгөн убакытта кээ бир турак-жайлардын ээлеринин аты жөнү: фамилиясы, аты жана атасынын аты туура эмес жазылып калгандыгы жана бирден экиден тамгалары түшүп калгандыгы же туура эмес жазылып калгандыктарына байланыштуу азыркы күнгө келип ар түрдүү көйгөйлөрдү келтирип жаткандыгы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси” жөнүндөгү мыйзамдарына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2001-2002-2003-2004-жылдардагы турак-жайларды жалпы каттоодон өткөрүлгөн убакыттагы кээ бир турак-жай ээлеринин аты-жөнү туура эмес катталып калган жарандарды төмөнкү шарт менен жөнгө салынышына макулдук берилсин:
- Жарандарды каттоо убагында аты-жөнү жазылганда калып кетген тамгаларын үч тамгага чейин өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Жарандардын аты-жөнүнө өзгөртүү киргизүү мезгилинде тактоо үчүн жарандардын 3 кошунасы жазма түрүндө тастыктап бергенден кийин өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Жарандардын өзгөртүп жаткан аты-жөнүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ноокат райондук мамлекеттик кадастр бөлүмүнүн берген тактамасынын негизинде жогорудагы шарттар менен ондоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.Ниязалиевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Рузалиевке тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |