Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 7-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 19-ноябры № 2
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-ноябрь күнү болуп өтүүчү Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо күнүнө карата иш-чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-ноябрь күнү болуп өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө уюшулган 11 участкалык шайлоо комиссияларында шайлоону таза жана туруктуу өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-ноябрь күнү болуп өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүнө карата шайлоону ачык, таза жана туруктуу өткөрүү үчүн төмөнкү депутаттар участкалык шайлоо комиссияларына тартылсын:
№5404 “М. Улугбек” шайлоо участкасына – А. Тешебаев
№5405 “Жандама” шайлоо участкасына – И. Мамажонов
№5406 “Катта-Тал” шайлоо участкасына – М. Каримов
№5407 “Ташкоргон” шайлоо участкасына – Т. Жалолов
№5408 “Шалдырама” шайлоо участкасына – М. Кучканов
№5409 “Кызыл-Тейит” шайлоо участкасына – А. Коңурбаев
№5462 “Шакар-Кыштак” шайлоо участкасына – А. Кадиров
№5492 “Н. Найманбаев” шайлоо участкасына – М. Жураев
№5536 “Темир-Корук” шайлоо участкасына – М. Кариев
№5572 “Күнгөй-Хасана” шайлоо участкасына – Ш. Абдуллаева
№5573 “Тескей” шайлоо участкасына – Ф. Алимжанов
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторовга жүктөлсүн.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |