Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 7-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 19-ноябры № 3

“Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндөгү” Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы №25-кезектен сырткары сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу

Жаңы-Ноокат айылында той марекелерди сарамжалдуу жана артыкча чыгымсыз өткөрүү боюнча Жаңы-Ноокат айылынын 2021-жылдын 19-октябрындагы жалпы тургундарынын чогулушунун протоколун, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021 жылдын 09-ноябрындагы 493-катын жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” жана “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депуттатык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 09-ноябрындагы кошмо жыйынын протоколун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айылында той-марекелерди өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча төмөнкү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

Комиссиянын төрагасы: М. Хайдаралиев - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары

Комиссиянын орунбасары: Н. Сотимбоев - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы

Мүчөлөрү:

М. Кодиралиев

Ф. Алимжонов

Т. Жалолов

М. Хамзалиева

М. Жораев

С. Холбоев

С. Бахромов

Г. Мирзабоева

М. Хайитов

Х. Мирзаёкубов

– Таш-Коргон участкасынын, Ш. Кодиралиев көчөсүнүн көчө комитетинин төрагасы

– Дөң-Кыштак айылынын депутаты

– Катта-Тал айылынын депутаты

– Шакар-Кыштак айылынын депутаты

– Жандама айылынын депутаты

– Шалдирама участкасынын маала комитетинин төрагасы

– Аксакалдар сотунун катчысы

– Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн маданият кызматкери

– Жандама участкасынындагы “Абдусалом ажы” атындагы мечитинин имамы

– Мончок-Дөбө айылынын тургуну

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылынын Аксакалдар сотуна жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов