Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз IV cессиясы
2021-жылдын 15-апрели № 4/1
“Кара-Суу шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” №54 Жарлыгын аткаруу максатында жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2022-жылдын 11-апрелиндеги №01-20/160 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кара-Суу шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү жобо бекитилсин. (1-тиркеме)
2. Кара-Суу шаарында элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча комиссия курамы бекитилсин. (2-тиркеме)
3. Кара-Суу шаар мэриясы комиссия курамы менен биргеликте типтүү жобону кынтыксыз аткарууга алуу, үй-бүлөлүк салтанаттарды, диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.О.Назаров |
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги IV сессиясынын №4/1 токтому менен бекитилди |
“Кара-Суу шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө”
Типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү тартиби
5.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Шаар мэриясынын комиссиясы
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо “ Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштеп чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты шаарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдардын жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби:
2.1. Кара-Суу шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдардын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан-ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн шаардын мэринин буйругу менен курамы мэриянын кызматкерлеринин, жергиликтүү кенештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун шаардык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, мэриянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте шаардын сайтына жарыяланат.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга шаардын мэриясы, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй- бүлөлүк салтанаттарды өткөрүнүн тартиби:
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике, (үйлөнүү) той, куда тосуу, маареке салтанаттарды ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар шаарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
3.3. Үйлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки “Банкеттик кече” же конок тосуу менен “Салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюнда ири бодо мал, жылкы союуга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштуруга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.
3.4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш- чараларда (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына конокторуна, сый кийимдерди берүүгө уруксат берилет.
3.5. Тойдон кийинки салттык отко кирүү, кыз көрүү, төркүлөтүү ж.б.у. сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 12 ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
3.6. Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим кече, күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага белектерди берүүгө тыюу салынат.
3.7. Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.
3.8. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында 3 төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.
3.9. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдары шаарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4.2. Маркум чыкан (азалуу) үйдө алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандык союлбайт, келгендерге дасторкон жайылып, тамак-аш берилбейт.
4.3. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.
4.4. Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттыгын белгилөөгө жана дасторкон даярдоого тыюу салынат.
4.5. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк ж.б.у.), маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, “жыртыш” таратып берүү, майда барат буюмдарды (чыны табак, дасторкон, самын, жип, чай, ж.б.у.с.) таратууга тыюу салынат жана кабыр
казгандарга берилүүчү кызмат акы жергиликтүү комиссиянын макулдугу менен чектелет.
4.6. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.
4.7. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилет.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү, комиссиялар жана кызмат адамдары:
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым- жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына, шаардын мэри, жергиликтүү комиссия кирет.
Аталган комиссия өздөрүнүн ишин докуметтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия:
5.1.1. Жегиликтүү комиссия шаардын мэриясында, кварталдын комитеттеринде түзүлөт. Анын курамына мэр жана мэриянын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, билим берүү, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия мэрдин буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым- жырымы өткөрүп жаткан жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Өлүк ээсине жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкечилик:
Кара-Суу шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында шаардын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай жана шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги IV сессиясынын №4/1 токтомуна 2-тиркеме |
Кара-Суу шаарында элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча комиссия курамы
1. Женалиев Б. 2. Осмоналиев Ш. 3. Абдураимова Т. | Кара-Суу шаарынын мэри, комиссиянын төрагасы Кара-Суу шаарынын вице-мэр, комиссиянын төрагасынын орун басары Кара-Суу шаар мэриясынын социалдык маселелери боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы |
Мүчөлөрү:
4. Муминов Б. 5. Абдишов А 6. Тыныбек уулу П. 7. Султанбаева З. 8. Абитов К. 9. Турдиев М 10. Абакулов М. 11. Атабаева Д. 12. Юсупов З. | Кара-Суу шаар мэриясынын аппарат жетекчи Кара-Суу шаар мэриясынын башкы адиси Кара-Суу шаар мэриясынын жетектөөчү адиси Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Кара-Суу РИИБдин КККнын башчысы милициянын ага лейтенантты Кара-Суу шаарындагы дене тарбия жана спорт комитетинин директору Кара-Суу шаарындагы ардагерлер кеңешинин төрагасы (макулдугу менен) Кара-Суу шаарындагы аялдар кеңешинин төрайымы (макулдугу менен) Кара-Суу шаарынын имам хатиби (макулдугу менен) |
13. Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары 14. Кара-Суу шаарындагы билим берүү мекемелеринин директорлору 15. Кара-Суу шаарындагы кварталдык комитеттердин төрага, төрайымдары |
Жооптуу катчы: | А.К.Кебекбаева |