Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 30-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 19-марты № 30-1
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Чеч-Дөбө жана Жар-Коргон айылдарына кетүүчү жолдун аралыгындагы жол жээгиндеги эгилген карып,чирип, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн арча, карагай, кайың көчөттөрүн отургузуу жөнүндө”
Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Чеч-Дөбө жана Жар –Коргон айылдарына кетүүчү жол жээгиндеги эгилген карып, чирип, куурап, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн арча, карагай, кайың көчөттөрүн отургузуу жөнүндөгү айыл башчы М.Мөнөковдун билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 9-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 “Айлана чөйрөнү коргоо ” Мыйзамынын 42-беренесине негиз, Чеч-Дөбө жана Жар-Коргон айылдарынын аралыгындагы жол жээгиндеги эгилген карып,чирип ,куурап, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды Экология жана Экотех мекемелери менен макулдашуунун негизинде кыйып-тазалап, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында отургузууга уруксаат берилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин айыл-чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төрага: | Н. Жолдошов |