Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 30-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 19-марты № 30-2
Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы Кожоке айылында уюшулган А.Чынкараев атындагы орто мектебинин алдындагы “Парча эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин айланасындагы куурап, карып, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында арча, карагай, кайың, алма дарактарынын көчөттөрүн отургузуу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кожоке айылында уюшулган А.Чынкараев атындагы орто мектебинин алдындагы “Парча эне”атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин айланасындагы куурап,карып, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып,көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында арча, карагай, кайың, алма дарактарынын көчөттөрүн отургузуу жөнүндө “Парча эне” балдар бакчасынын директору М.Ташбаеванын билдирүүсүнө негиз,айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кожеке айылында уюшулган А.Чынгараев атындагы орто мектебинин алдындагы “Парча эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин айланасындагы куурап, карып, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрү, жашылдандыруу максатында арча, карагай, кайың, алма дарактарынын көчөттөрүн отургузуу максатында, Экология жана Экотех мекемелери менен макулдашып, мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 9-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 “Айлана чөйрөнү коргоо” Мыйзамынын 42-беренесине негиз, Кожоке айылында уюшулган А.Чынкараев атындагы орто мектебинин алдындагы “Парча эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин айланасындагы куурап, карып, экологиялык жактан жабыркаган бак-дарактарды кыйып, көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында арча, карагай, кайың, алма дарактарынын көчөттөрү мыйзам чегинде отургузулсун.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төрага: | Н. Жолдошов |