Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 30-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 19-марты № 30-3
Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы турак-жай куруу үчүн жайыт эсебиндеги 167,41 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо ) жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы турак-жай куруу үчун жайыт эсебиндеги 167,41 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлундагы № 145 “ Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамына, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 22.03.2022 № 01-8-/ 505-10/77 сандуу чыгыш катындагы Күнгөй –Кожеке айылынан суралган 112 га, Байыш айылынан 3,37 га, Жаңы –Базар айылынан 34,98 га, Кожоке айылынан 6.8 га, Жар-Коргон айылынан 10,15 га жер тилкелерин, башчынын орун басары А.Жолдошевдин билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндөгү турак-жай куруу үчүн жайыт эсебиндеги 167.41 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу” (трансформациялоо ) жөнүндөгү Мыйзамына ылайык уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун мыйзамдын негизинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы башчынын орун басары А.Жолдошевге жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин “айыл-чарба, жерге жайгаштыруу жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Н. Жолдошов |