ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 14-январы № 6/2
Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Токбай-Талаа айылынын тургуну Азизбек уулу Абдулхакимдин арызынын негизинде Токбай--Талаа айылынын Кызыл-Суу суусунун оң жак тилкесинен 0,20 га жер участкасына “Пескоблок”-кирпич чыгаруучу жай куруу жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Токбай-Талаа айылынын тургуну Азизбек уулу Абдулхакимдин арызынын негизинде Токбай--Талаа айылынын Кызыл-Суу суусунун оң жак тилкесинен 0,20 га жер участкасына “Пескоблок”-кирпич чыгаруучу жай куруу үчүн Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун чечимин угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Токбай-Талаа айылынын тургуну Азизбек уулу Абдулхакимдин арызынын негизинде Токбай--Талаа айылынын Кызыл-Суу суусунун оң жак тилкесинен 0,20 га жер участкасына “Пескоблок”-кирпич чыгаруучу жай куруу үчүн Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун чечимин колдоого алуу менен бекитилсин.
2. Бул токтомду мыйзамдаштырып берүү жагы Чалма айыл өкмөтүнөн суралсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | Кадыркулов.А |