Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз алтынчы сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 4-марты № 6/1
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 01.03.2022-жылдагы № 37- сандуу өтүнүч каттын кароо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн региондук бөлүмүнүн башкы адиси Ш.Базарбаев, Кыргыз мамжердолбоор институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын башкы адиси Ы.Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык коопсуздуктарды көзөмөлдөө министрилигинин Ош областык башкармалыгынын башкы иниспектору А.Турганбаев жана жетектөөчү адиси К.Абдыразаков, Ош облустук суу жана жер инспекциясынын башкы инспектору Б.Жакыпов, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Ү. Козубаев, Мамлекеттик “Кадастр” ишканасынын Кара-Кулжа районундагы филиалынын башчысынын милдеттин аткаруучу Ж.Тойтоев, Кара-Кулжа райондук агрардык өнүктүрүү департатентинин жетектөөчү адиси А.Шананов, Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы А,Жаныбеков, Кашка-Жол айыл аймагындагы Октябрь айылынын айыл башчысы А.Эрмекбаев , арыз ээлери Октябрь айылынын тургундары Б.Сыдыков, З.Абдырахманов, Осмон уулу Н, У.Чолуев, Н.Суранчиев, А.Кармышаков, Т.Абдылдаев, М.Жумабаев, А.Эргешов, Т.Касымовтор болуп 22.02.2022-жылдагы түзгөн актысын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл өкмөтү менен жеке ишкер Сөлпүев Дөөлөтбайдын 05.06.2018-жылкы келишиминдеги 40 (кырк) га жерди , анын ичинен 30 (отуз) га сугат , 10 (он) га кайрак айдоо жерди 2024 - жылга чейинки 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлгөн келишими жана 01.04.2020-жылдагы Кашка-Жол айыл өкмөтү менен Сөлпүев Дөөлөтбайдын Кара-Кулжа үрөн чарбасы 67 (алтымыш жети) га жерди, анын ичинен 50 (элүү) га сугат , 15 (он беш) га кайрак айдоо жана 2 (эки) га чөп ормо жердин 2025-жылга чейинки 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлгөн үч келишимдердеги ижарага алган жер аянттарына салык жана аренда төлөмдөрүн өз убагындатөлоп турган.Бирок, Ош областтык жана Октябрь айылынын элдик комиссиянын 22.02.2022-жылдагы актысына жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Кулжа филиалынын АСР базасы берген 19.01.2022-жылдагы № 01.02/14-1 сандуу маалыматына негиз жогорудагы үч келишим райондук “Кадастр” ишканасынан каттодон өтпөгөндүгүнөн бул үч келишим жараксыз деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөлгө алуу жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Жаныбековко жана тийиштүү адистерге тапшырылсын.
Кашка-Жол айылдык кеңештин төрагасы: | Ж.Бакиров. |