КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз алтынчы сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 4-марты № 6/3
Кашка-Жол айыл аймагындагы Жийде айылындагы “Жийде” орто мектебинин капиталдык ремонтуна айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлуп берүү жөнүндө.
Кыргыз Респбуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-“Айылдык Кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджетти аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордон пайдаланышы жөнүндөгү “Мыйзамынын 32-беренесинин 2-“Тийешелүү аймактын социалдык-маданий инфрастурктурасын өнүктүрүү боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Жийде айылындагы “Жийде” орто мектебинин эски имаратынын капиталдык ремонту үчүн, Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин эсебинен 150000 ( бир жүз элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнун ФЭБ башчысы М,Асановага милдеттендирилсин.
2. Өздүк салым үчүн Жийде айылынын тургундары тарабынан 100000 (жүз миң) сом акча каражаты топтолсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбековко жана Кашка-Жол айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Жол айылдык кеңештин төрагасы: | Ж.Бакиров. |