Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2022-жылдын 03-марты № 11-2
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын №28-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо үчүн, эсептөө комиссиясы түзүлүп, курамы 3 кишиден бекитилсин.
2. Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо үчүн, эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп, эсептөө комиссиянын №1-протоколуна негиз, Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Жалалов Замирбек Абдиллаевич шайлансын. (№1-тиркеме тиркелет).
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.Кайымов |
| Көк-Жар айылдык кеңешинин №-11-2-токтомуна №1-тиркеме |
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын, Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын отурумунун
Протокол №-1
Көк-Жар айылы | 03.03.2022-ж |
Күн тартибинде: Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасын шайлоо
Катышуучулар: Мамырова Махабат Абдилажановна
Матисаева Айнагүл Эргешовна
Жалалов Замирбек Абдиллаевич
Эсептөө комиссиясынын төрагасын шайлоо ачык өттү. Матисаева Айнагүл Эргешовнанын сунушу менен Жалалов Замирбек Абдиллаевич төрагалыкка, сунушталды. Комитеттин калган мүчөлөрү жогорудагы сунушту толугу менен кубатташты.
Эсептөө комиссиянын төрагасы –Жалалов Замирбек Абдиллаевич
Мүчөлөрү: Мамырова Махабат Абдилажановна,
Матисаева Айнагүл Эргешовна
Отурумдун төрагасы: _____________ Жалалов Замирбек Абдиллаевич
(колу)
Отурумдун катчысы; ______________ Мамырова Махабат Абдилажановна
(колу)