КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
25.08.2021-жыл № 1
Аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы Башкы-Терек айылынын жалпы тургундарынын айылдын чоң көчөсүнө ысым берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Башкы-Терек айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Башкы-Терек айылындагы чоң көчөгө Самат Максымбековдун ысымы ыйгарылсын.
3. Көчөгө ысымы берилген жарандардын атын жазып, номерлерин илүү менен көчөнүн көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу алардын уул-кыздарына, туугандарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |