Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

28.09.2021-жыл № 1

“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы кайрылуусун кароо жөнүндө

 

     Күн тартибинин биринчи маселесиндеги “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын 24.09.2021-жылдагы № 36 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектегиVII   сессиясы

Токтом кылат:

1.    “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык  ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин     кайрылуусу эске алынсын.

2.    ”Каныш-Кыя  Тазалык”муниципалдык  ишканасынын   2021-жылга  карата тоо-кен иштетүүчү фирмалар менен түзүлгөн келишимдин негизинде ашыкча түшкөн акча каражатарынын эсебинен 2021-жылдын 4-кварталына  керектелүүчү  күйүүчү жана майлоочу май сатып алуу үчүн 148 000 (бир жүз кырк сегиз  миң) сом  акча каражаты бөлүнүп  берилсин.

3.    Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу ар бир айылга өзүнчө таштанды таштоочу жай үчүн жер аянты жана ар бир айылдын көчөлөрунө таштанды таштоочу темир контейнер коюга жер аянты бөлүнүп, тиешелүү кагаздарын даярдоо үчүн мыйзамдуулугун карап иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

5.    Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6.    Бул  токтомдун  аткарылышын  камсыз   кылуу жагы   финансы  экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев