КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 5
Турмуш шарты оор үй –бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги жардам сурап кайрылган үй-бүлөлөрдүн арызын канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн тургундарынын жардам сурап жазган арыздары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн жардам сурап кайрылган тургундарына жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен керектелүүчү акча каражаты бөлүнүп берилсин:
-Айгыр-Жал айылынын тургуну Асанова Нуржамалга үй салууга 100 000 сом;
-Каныш-Кыя айылынын тургуну Дадабаев Дүйшөнбайга дарыланууга 50 000 сом;
-Башкы-Терек айылынын тургуну Мураталиева Жанаргүлгө кызынын дарылануусуна 50 000 сом;
-Каныш-Кыя айылынын тургуну Азимбекова Айгүлгө дарыланууга 50 000 сом;
-Айгыр-Жал айылынын тургуну Анаркулава Керимбүүгө дарыланууга 40 000 сом;
-Айгыр-Жал айылынын тургуну Эргешова Гүлназга дарыланууга 100 000 сом;
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |