Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 7
Социалдык абалын карап чыгуу жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги жардам сурап кайрылган үй-бүлөлөрдүн арызын канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн тургундарынын жардам сурап жазган арыздары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айлдарда жашаган жарандар Алымкулова Назгүлдүн жана Токуева Махабаттын үй бүлөлүк шарты менен танышууга депутаттык комисия түзулсүн, корутундусу кийинки сессияга сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары А.Ормошовго тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |