Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

28.09.2021-жыл № 12

Долбоор сметасын даярдоо  жөнүндө

     Күн тартибинин  ар кандай  маселесиндеги Каныш-Кыя айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусун  канаттандыруу максатында  карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги VII   сессиясы

Токтом кылат:

1.   Каныш-Кыя айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусу эске алынсын.

2.   Каныш-Кыя айыл өкмөтунө карашту  Ала-Бука, Жаңы-Базар- Кировка авто унаа жолунун ИК 111-112 чакырымындагы авариялык абалда турган авто унаа жолунун деңгээлин түшүрүп куруу боюнча долбоор сметасы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен даярдалсын,

3.   Сметада көрсөтүлгө акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын, мыйзамдуулугун карап  иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.   Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

5.   Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6.   Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы  социалдык маселелер боюнча туруктуу   комитетине,  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев