КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 20
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги А.Айымбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептеринин директору А.Тойчуеванын кайрылуусун канааттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. А.Айымбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору А.Тойчуеванын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө карашту Кара-Суу айылындагы А.Айымбетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине техникалык каражаттарды алууга сметалык бааларында көрсөтүлгөн 134 818 (бир жүз отуз төрт миң сегиз жүз он сегиз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилси.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине, каралган маселе боюнча иш алып баруу жагы мекеменин жетекчисине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |