КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 22
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинин директорунун кайрылуусун канааттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору А.Кулубаеванын кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайың-Суу айылындагы Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебине керектүү музыкалык аппаратураларды алууга сметалык бааларында көрсөтүлгөн 122 000 (бир жүз жыйырма эки миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине, каралган маселе боюнча иш алып баруу жагы мекеменин жетекчисине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |