Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 4

Автоунаа жолун баланска алуу жөнүндө

       Каныш-Кыя айыл өкмөтү аркылуу өткөн Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто унаа жолунун 112-114, 129-133, жана  140-155 чакырымдарына асфальт төшөө үчүн №27 Жол тейлөө ишканасынан  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансына  алуу  боюнча талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги VIII   сессиясы

Токтом кылат:

1.   Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн  жолдорду асфальттоо боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2.   Каныш-Кыя айыл өкмөтү аркылуу өткөн №27 Жол тейлөө ишканасына тиешелүү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа  жолунун  112-114, 129-133 жана  140-155 чакырымдарына  асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн  балансына өткөрүп алууга уруксат берилсин. 

3.   Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына  ылайык  Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын  расмий  www.chatkal.kg   маалымат сайтына  жарыялансын.

4.   Бул токтомду расмий  жарыялоо  жана Кыргыз Республикасынын ченемди укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя  айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу  комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев