Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 5

Жаш спортчуларды колдоо жөнүндө

 

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал жана Коргон-Сай айылдарынын тургундары жаш спортчулардын кайрылуусун карап  жана   талкуулап   Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  VIII   сессиясы

Токтом кылат:

1.    Айгыр-Жал жана Коргон-Сай айылынын тургундары Жашанов Ааламбектин жана Жолдубеков Баямандын кайрылуулары   эске алынсын.

2.    Айгыр-Жал айылынын тургуну Жашанов Ааламбектин жана Коргон-Сай аылынын тургуну Жолдубеков Баямандын  21.11.2021-жылдагы эл аралык деңгээлде өтүүчү эркин күрөшкө даярданууга жана атайын машыгуу зборунан өтүү үчүн ар бирине  50 000 (элүү миң) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин, мыйзамдуулугу боюнча  иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.   

3.    Бул токтом  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына  жарыялансын.

4.    Бул токтомду  расмий  жарыялоо  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя  айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө    жагы  бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу  комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев