КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 6
Калкка кызмат кылууга шарт түзүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында калкты тейлөө кызматын ачуу боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн калкты тейлөө борборун ачуу боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында калкты тейлөө борборун ачууга керектелүүчү 2 770 836 (эки миллион жети жүз жетимиш миң сегиз жүз отуз алты ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыялоо боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |