Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 10

Кошумча жумуштарга каражат  бөлүп  берүү  жөнүндө

 

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу райондук маданият үйүнүн курулуш иштерин жүргүзүп жатышкан  “Токон  Ордо” ЖЧКсынын курулуш материалдарынын баалары кескин көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу кошумча каражат бөлүп берүү боюнча    кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 22-беренесинин 5-пунктуна таянып

Токтом кылат:

1.           1. “Токон  Ордо” ЖЧКсынын кошумча  каражат бөлүп  берүү боюнча   кайрылуусу   эске алынсын.

2.           2. “Токон Ордо” ЖЧКсынын кайрылуусунда көрсөтүлгөндөй курулуш материалдарынын бааларынын кескин түрдө өсүп кеткендигин  тастыктаган  аудитордук корутундунун негизинде тарткан чыгымы  539 354 (беш  жүз отуз тогуз  миң үч  жүз элүү  төрт) сом  кошумча акча  каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана тиешелүү иш кагаздары менен мыйзам чегинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.           3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал  райондук мамлекеттик администрациясынын  расмий  www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.          4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя  айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.          5. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика  жана  финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

6.     

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев