КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 13
Бала бакчанын балдар ойноочу аянтчасынын кошумча курулуш иштери жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Башкы-Терек айылындагы Айчубак балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасынын кошумча курулуш иштери боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасынын негизинде акча каражатын бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айчубак балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасынын кошумча курулуш иштери боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айчубак балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасынын кошумча курулуш иштери боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасына ылайык 559 545( беш жүз элүү тогуз миң беш жүз кырк беш ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин жана мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыялоо боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |